Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Бишкекте жаштардын «Калыш же кетиш керек» деген форуму өтүп жатат


«Калыш же кетиш керек» форуму.
«Калыш же кетиш керек» форуму.

Бишкек шаарында 22-декабрда жаштардын «Калыш же кетиш керек» деген форуму өтүп жатат. Ага жарандык активисттер, блогерлер, юристтер катышууда.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, «Башынан башта» кыймылынын лидери Улан Үсөйүндүн айтымында, мындай форум ушуну менен үчүнчү жолу өтүп жатат жана ал жаштарга Кыргызстанда да мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, аларды өлкөдө калтыруу максатын көздөйт.

«Бактылуу адам Кыргызстанда болобу же Америкадабы, Марстабы, бактылуу боло алат. Ал эми бактылуу боло албаган адам наалып же башка нерсени издеп, эч убакта бактысын таба албайт. Бул жакта калууну каалагандар өзүбүз үчүн эле эмес, коомубуздун келечеги, жакшы жашоо үчүн күрөшөлү».

Улан Үсөйүн белгилегендей, Кыргызстанда акыркы беш жылда чет жакка кетүү тууралуу ойлорун айткандар көбөйдү.

Форумдун биринчи күнүндө беш спикер Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришет. Экинчи күнү сөз аймактардан келген жаштарга берилет жана алар айткан маселелерди чечүүнүн жолдору, багыты боюнча өз-өзүнчө бөлүнгөн топтордо талкууланат.

«Калыш же кетиш керек» форумунун спикерлери.
«Калыш же кетиш керек» форумунун спикерлери.

Форумда юрист Сания Токтогазиева «Мыйзам үстөмдүгү өнүккөн өлкөгө алып барат», «Yurtah» деген старт-аптын уюштуруучусу Тимур Мон «Келечек жаңы технологияларда», Кыргызстандагы Азиздер федерациясынын негиздөөчүсү Гүлназ Жүзбаева «Сынба» деген темада презентация жасашат.

Кийинки «Калыш же кетиш керек» форуму январда өтөрү айтылды. (RK/BTo)

XS
SM
MD
LG