Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Казакстанга айдалып бараткан жылкылар кайтарылды


Кара-Балтадагы мал базар. Иллюстрациялык сүрөт.
Кара-Балтадагы мал базар. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, Талас облусунун аймагындагы кыргыз-казак чек арасынан бир үйүр жылкыны Казакстан тарапка айдап бара жаткан жеринен эки адам токтотулган. Талас районунун Чуңкур-Ашуу капчыгайы аркылуу жылкы айдап бара жаткандар чек арачыларга каршылык көрсөтүп, окуя болгон жерден качып кетишкен. Кийинчерээк бири өз каалоосу менен келип, жылкылардын ээси Казакстанга айдап өтүп берүүнү суранганын айткан.

Тиешелүү документтер толтурулган соң, жылкылар менен жылкычы милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Кыргызстанда 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында эт чукул кымбаттап кеткендиктен, Айыл чарба, тамак аш жана мелиорация министрлиги ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөргө тирүү мал сатууну тыйган.

Ага чейин Кыргызстандын союмга жарамдуу малы Казакстанга, Тажикстанга жана Өзбекстанга сатылып келген эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG