Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Талант Мамытов Маданият-Жалал-Абад жолунун курулушу менен таанышты


Маданият-Жалал-Абад жолунун азыркы көрүнүшү. Президенттин басма сөз кызматы тараткан сүрөт. 20-декабрь, 2020-жыл.
Маданият-Жалал-Абад жолунун азыркы көрүнүшү. Президенттин басма сөз кызматы тараткан сүрөт. 20-декабрь, 2020-жыл.

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов 20-декабрда Маданият-Жалал-Абад жолунун курулушу менен таанышты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Мамытов Жалал-Абад облусунда иш-сапар менен жүрөт.

Мамытов жол курулушу менен таанышкан учурда транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев 2020-жылдын ичинде планга киргизилген бардык иш аткарылганын билдирди. Анын айтымында, быйыл жол курулушундагы казуу иштерин 78% бүткөрүү, 15 чакырымга асфальт-бетон төшөө жана бир чакырымга дренаждык түтүктөрдү орнотуу пландаштырылган.

Мамытов Маданият-Жалал-Абад автожолу Бишкек-Ош каттамын реконструкциялоо долбоорунун бир бөлүгү экенин эске салды.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта көпкө созулуп кеткен жол курулушу качан бүтүп, пайдаланууга берилери айтылган эмес.

Маданият - Жалал-Абад каттамынын курулушу башка ири жолдордой эле чыр менен коштолгон. Бул жолдун курулушуна Европа өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу донорлор акча бөлгөнү менен өкмөт төрт жыл бою долбоорду ишке ашыра турган компанияны тандай алган эмес.

Улам тендер жарыяланып отуруп, акырында 2018-жылы азербайжандык «Азвирт» компаниясы жеңүүчү деп табылган. Курулуш иштери башталып-баштала электе эле тендердин өтүшү жана жеңүүчү компаниядагы шек туудурган жагдайлар ачыкка чыккан. Ушундай чуулуу жагдайлардан улам жолдун курулушу бир канча убакыт бою токтоп калган.

Азыр жолдун Маданияттан Жалал-Абад шаарына чейинки бөлүгү бузулуп, начар болуп кеткени - ары-бери каттагандарды түйшүккө салып келет.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандын тыштан алган карызы негизинен жол тармагына жумшалат. (NT)

XS
SM
MD
LG