Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:37

АКШнын Орусиядагы бардык консулдуктары жабылат


Владивостоктогу АКШнын консулдугу.
Владивостоктогу АКШнын консулдугу.

АКШнын кызматтык мөөнөтү аяктап бара жаткан президенти Дональд Трамптын администрациясы Орусиянын аймактарында жайгашкан бардык башкы консулдуктарды жабуу тууралуу чечим кабыл алды.

Консулдуктар жабылса Американын Москвадагы элчилиги жападан-жалгыз дипломатиялык өкүлчүлүк катары калат.

"Associated Press" агенттиги АКШнын Мамлекеттик департаменти Владивосток менен Екатеринбургдагы консулдуктардын ишин токтотуу ниети тууралуу конгрессти 10-декабрда кабардар кылганын эске салды. Кийинчерээк бул тууралуу орусиялык «Коммерсантъ» гезити да жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, Владивостоктогу консулдук биротоло, ал эми Екатеринбургдагы консулдук белгисиз мөөнөткө жабылмакчы.

Бул чечим эми АКШнын визасын алууну каалаган орусиялыктар Москвадагы же башка мамлекеттердеги элчиликтерге гана кайрыла алышат дегенди түшүндүрөт.

Трамптын администрациясы өз чечимин Орусиянын бийлиги киргизген АКШнын дипломатиялык миссиясынын саны боюнча чектөөлөр менен байланыштырып, ага жооп кайтарылып жатканын билдирди.

2017-жылы орус президенти Владимир Путин Орусиядагы америкалык дипломаттардын штатын дээрлик эки жарым эсеге кыскартуу тууралуу чечимин жарыялаган. Штат 755 дипломатка кыскарышы керектиги айтылган. Буга жооп иретинде Вашингтон орусиялык 35 дипломатты өлкөдөн чыгарган. Орусия АКШдагы шайлоого кийлигишкен деген негизде орусиялык элчиликке тиешелүү эки дача жабылган.

2018-жылы Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери Сергей Скрипалдын Британияда ууланышына байланыштуу Вашингтон 60 орус дипломатын өлкөдөн чыгарган. Орусиянын Сиэтлдеги консулдугун жапкан. Москва буга 60 дипломатты өлкөдөн чыгарып, Американын Санкт-Петербургдагы консулдугун жабуу менен жооп кайтарган.

XS
SM
MD
LG