Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Бишкекте референдумга каршы акция уланды


Бишкектеги акция. 20-декабрь, 2020-жыл.
Бишкектеги акция. 20-декабрь, 2020-жыл.

Бишкек шаарында 20-декабрда активисттер Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга каршылык билдирген кезектеги нааразылык акциясына чыгышты.

Темир жол бекетинин жанына чогулгандар Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы ураан-чакырыктар менен "Ала-Тоо" аянтына келишти.

Алар «Референдумга жол жок!», "Мыйзамдуу өлкө", "Хансыз өлкө" деген жазууларды көтөрүп турушту.

Акциянын катышуучулары гимн ырдашып, Баш мыйзамды өзгөртүү аракетинен баш тартууга бийликти чакырышууда. Мындай нааразылык акциялары улана бере турганын билдиришти.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, акция ушуну менен жетинчи жолу уюштурулду. Күндүн сууктугуна карабай бул ирет тынчтык жүрүшүнө 50дөн ашык киши чыкты.

2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо менен кошо Конституцияны өзгөртүп, башкаруу тартибин аныктаган референдум өткөрүү тууралуу мыйзам Жогорку Кеңеште 9-декабрда биринчи окуудан, 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Ага бюджеттен 40 миллион сомдой каражат жумшала турганы айтылган.

Бир катар активисттер, саясатчылар, депутаттар документ мыйзамды одоно түрдө бузуу менен бардык окуудан өткөнүн айтып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG