Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Ооган-тажик чек арасында жоочулар топтолуп жатканы кабарланды


Ооганстандагы Бадахшан өрөөнү.
Ооганстандагы Бадахшан өрөөнү.

Ооганстандын Тажикстан менен чектеш райондоруна жүздөгөн чет элдик жоочулар топтолгонун Бадахшан провинциясынын жетекчилиги билдирди. Губернатордун орун басары Ахтармухаммад Хайрзода «Азаттык» радиосунун тажик кызматы менен болгон маегинде аймактагы туруксуз абалдан пайдаланып, жоочулар Моймай жана Нусай райондоруна кирип кетишкенин айтты.

Хайрзода ошондой эле жоочулар «Жамаат Ансоруллох», «Түркстан Ислам кыймылы», «Өзбекстан Ислам кыймылы» жана «Кавказ имараты» сыяктуу экстремисттик топтор менен байланышта экенин кошумчалады.

Бул маалыматты тажик бийлиги да ырастады. Расмий Дүйшөмбү жоочуларды Тажикстандын аймагына киргизеш үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG