Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:10

АКШ: киберчабуулду иликтөө боюнча Конгресске маалымат берилет


«Microsoft» компаниясы өз системасында күмөндүү программаларды тапканын жарыялаган.
«Microsoft» компаниясы өз системасында күмөндүү программаларды тапканын жарыялаган.

АКШнын өкмөттүк мекемелерге карата киберчабуулду иликтеген Федералдык чалгын бюросу баш болгон тиешелүү органдар Конгресстин мүчөлөрүнө 18-декабрда маалымат беришет. Мындай жолугушуу Кошмо Штаттардын бийлиги кибер коопсуздук боюнча камтамачылыгын билдирип, ал эми «Microsoft» компаниясы өз системасында күмөндүү программаларды тапканын жарыялаган учурга туш келди.

Өлкөнүн Киберкоопсуздук жана инфратүзүм коопсуздугу боюнча агенттик 17-декабрда өкмөттүк мекемелер, коммуналдык ишканалар жана жеке сектор колдонгон компьютердик түйүндөргө олутуу коркунуч туудурган кибер чабуул тууралуу чукул билдирүү тараткан. АКШнын тиешелүү кызматтары расмий түрдө бул чабуул үчүн Орусияны айыптаган жок. Бирок бир катар маалымат каражаттары, Конгресстин айрым мүчөлөрү бул чабуулдардын артында орус хакерлери турушу мүмкүн экенин айтып чыгышкан.

АКШнын өкмөттүк мекемелерине кибер чабуул коюлганы алгач жолу 13-декабрда кабарланган. Аны учурда Орусияда жайгашкан хакерлер тобу уюштурушу мүмкүн экени айтылган. Бирок Орусиянын бийлиги мындай айыптоолорду четке каккан.

XS
SM
MD
LG