Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:11

Ошто «Биримдиктин» талапкери мамлекеттик кызматка дайындалды


Ош шаарындагы митинг. 6-октябрь, 2020-жыл.
Ош шаарындагы митинг. 6-октябрь, 2020-жыл.

«Биримдик» саясий партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болуп катталган Бекмурза Эргешов Ош шаарындагы муниципалдык «Жылуулук менен камсыздоо» ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Мындай буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 17-декабрда кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бекмурза Эргешов 4-октябрдагы парламенттик шайлоого партиянын тизмесинде 98-катар менен барган. Буга чейин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын шаардык бөлүмүн жетектеген.

Социалдык тармактарда кыш чилдеде өлкөдөгү ири шаарда «Жылуулук менн камсыздоо» ишканасына жылуулук тармагына такыр тиешеси жок адамдын дайындалышына нааразы пикирлер айтылууда.

Бекмурза Эргешов шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы массалык тополоң менен коштолуп, бийлик алмашып жаткан 6-октябрь күнү Ош шаарындагы борбордук аянтта «Биримдик» партиясы уюштурган митингди алып барган. Анда чогулгандар Сооронбай Жээнбеков бийликте турганда жакшы жашоо болгонун белгилеп, бийликти сактап калуу зарыл экенин айтышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG