Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:47

Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев кармалды


Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Кылыч Саркарбаев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов. Саркарбаевге «эң мыкты жаш жетекчи» деген наам ыйгарылган учур. 27-декабрь, 2019-жыл, Ош шаары.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Кылыч Саркарбаев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов. Саркарбаевге «эң мыкты жаш жетекчи» деген наам ыйгарылган учур. 27-декабрь, 2019-жыл, Ош шаары.

Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдиргендей, ал кылмыш ишин жаап-жашыруу максатында паспортундагы Сулайманов деген фамилиясын Саркарбаев кылып өзгөрткөн. Ал 2006-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (талап-тоноочулук) менен күнөөлүү деп табылып, бир жылга шарттуу кесилген.

"Бул фактыны жашыруу максатында фамилиясын өзгөртүп, документ жасаткан жана Ош шаарынын спорт комитетинин жетекчиси болуп жумушка кирген", - деди Сулайманов.

Андан тышкары, атайын кызмат аны Женго деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Кылыч Досонов менен жакын байланышы бар экенин, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бир катар жаңжалдарына катышканын аныктаган.

Саркарбаевдин жакындарынан комментарий алганга мүмкүн боло элек. "Азаттык" анын адвокаты ким экенин тактай алган жок.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров ал парламенттик шайлоого байланыштуу августтун соңунан 6-октябрга чейин өз эсебинен эс алууга чыккан. Андан соң ноябрдын башынан 9-декабрга чейин эмгек өргүүсүндө болгон. Спорт комитетинин башчысы кызматында мыйзамдуу түрдө иштеп жүргөн деп эсептелет.

Ош облустук милициясы «Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери «Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат тараткан. Кийин Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан.

Бул жагдай териштирилип жатканда, 2020-жылдын 17-февралында Саркарбаев өзүнүн арызынын негизинде шаардык спорт комитетинин жетекчилигинен убактылуу четтетилген. Августта кайра кызматына кайткан.

33 жаштагы Кылычбек Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарып келет. Чуулуу иштерде аты аталганына карабай Ош мэриясы 2019-жылы жаңы жылдык кечеде Саркарбаевге «эң мыкты жаш жетекчи» деген наам ыйгарган.

ИИМдин мурдагы жетекчилигинин учурунда таратылган маалыматка караганда, Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн үч кылмыштуу топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган. (SE)

XS
SM
MD
LG