Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Баткенде кыргыз-тажик чек арасына эл чогулду


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Ак-Сай айылы.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Ак-Сай айылы.

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылында эл чогулуп, Исфара-Ворух жолун бууду.

Жол тоскондор буга Тажикстан тараптан мал уурулук күч алганын себеп кылышты. Окуядан улам, Баткен районунун жана Исфара районунун акимдери жолугушканы кабарланды.

Райондук акимчиликтин атын атагысы келбеген өкүлүнүн «Азаттыкка» маалымдаганы боюнча, сүйлөшүү учурунда тажик тарап жоголгон жылкыларды таап берүүгө убада берди.

Маалыматка ылайык, чогулган эл менен Баткен районунун акими, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана башка тиешелүү жетекчилер келип жолугушкан.

Өзүн Мирбек деп тааныштырган Ак-Сай айылынын тургуну «Азаттыкка» кабарлагандай, нааразылыкка 16-декабрь күнү чек арада жашаган тургундун эки жылкысы уурдалганы себеп болгон.

«Айылдашыбыздын сарайынын кулпусун бузуп эки жылкысын уурдап кетишиптир. Жылкылардын изи тажик тарапка кирип кеткен. Тажикстандык аким үч күндүн ичинде табылат дептир, эми үч күн күтөбүз. Биз бүгүн (16-декабрда -ред) саат кечки алтыдан кийин чогулдук».

Жергиликтүү тургун чек арага чогулган адамдар акимдин убадасынан кийин тараганын билдирди.

Өткөн ишемби күнү, 12-декабрда Ак-Сай айылындагы Бакай жаңы конушунун тургундарын тажикстандык чек арачылар талаштуу тилкеден үйүнө өткөрбөй койгону үчүн эл чогулуп, Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушкан. Маселе тынч чечилгени кабарланган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жыл башынан бери Ак-Сайда 23 бодо мал, эки эшек жоголгон. (ZKo/JsA)

XS
SM
MD
LG