Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Пашинян: Эрте парламенттик шайлоону мен жалгыз чече албайм


Армениянын премьери Николь Пашинян «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна интервью берип жатат. Ереван, 16-декабрь, 2020-жыл.
Армениянын премьери Николь Пашинян «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна интервью берип жатат. Ереван, 16-декабрь, 2020-жыл.

Оппозициянын кысымына туш болгон Армениянын премьер-министри Николь Пашинян эрте парламенттик шайлоо өткөрүүнү өз алдынча чече албай турганын билдирди.

Шаршембиде «Азаттыктын» армян редакциясына интервьюда премьер: «Мөөнөтүнөн мурда шайлоо менин каалоомо жараша болбойт. Бул жерде консенсус табуу зарыл», - деп айтты.

Бийликке 2018-жылы нааразылык акцияларынын жыйынтыгы менен келген Пашинян 10-ноябрда Тоолуу Карабак боюнча тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин өз өлкөсүндө катуу сынга кабылууда.

Оппоненттери Азербайжанга армяндар 1990-жылдардан бери көзөмөлдөп келген аймактар өткөнү үчүн анын кызматтан кетишин талап кылып жатышат.

Баку менен Еревандын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабакта 27-сентябрдан тартып алты жумага созулган куралдуу кагылыш болгон. 10-ноябрда Орусиянын арачылыгы менен үч тараптуу келишимге кол коюлуп, уруш басылган. Келишимге ылайык, Азербайжан жаңжал маалында өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабактагы жана анын айланасындагы жерлерди башкарып калат.

Аймактагы коопсуздукту сактоого 2 миңге жакын орусиялык бейпилдик күчтөрү киргизилди.

XS
SM
MD
LG