Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:14

Президенттикке талапкер Курсан Асановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү


Курсан Асанов, президенттикке талапкер.
Курсан Асанов, президенттикке талапкер.

Президенттикке талапкер, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Эми ал бүт өлкө боюнча эркин жүрө алат, бирок чет элге чыга албайт. Бишкек шаардык соту 16-декабрда ушундай чечим чыгарганын адвокаты Чынара Жакупбаева «Азаттыкка» билдирди.

Курсан Асанов 2019-жылы Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда. Андан тышкары, 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында да күнөөлөнүүдө. Буга байланыштуу Курсан Асанов үй камагында болчу.

Ал 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары катышып жатат. Үгүт иштери 15-декабрда башталган. Президенттик кызмат үчүн 18 талапкер ат салышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG