Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:47

Назарбаев: Акаев менен Бакиевди Кыргызстандан мен чыгарып кеткем


Нурсултан Назарбаев, Казакстандын экс-президенти.
Нурсултан Назарбаев, Казакстандын экс-президенти.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев «Хабар» телеканалындагы маегинде Кыргызстанда 2005, 2010-жылдары болгон элдик толкундоолор тууралуу да кеп кылды. Массалык толкундоолордон кийинки саясий күчтөрдүн күчөгөн тирешин, өлкөдөгү тынчыбаган абалды белгилеген Назарбаев ошол учурда кулатылган эки президентти өлкөдөн кантип чыгарып кеткени тууралуу айтып берди:

«Кыргызстан тууралуу айтып өтсөм, Аскар Акаевди мен Бишкектен Таразга тик учак менен алып чыгууга мажбур болдум. Акыбал өтө оор эле, атышуу болуп кетмек. Тараздан Орусияга кетти. Андан кийинки президенти да ошол эле окуяны кайталады. Ошто жатып алды. Тарапташтарын чогултуп алып, куралданып, Бишкекти көздөй кол салууга даярданган. Мен ага: «Курманбек, сен эмне кылып атасың? Кан төгөсүң. Анан эмне болот? Кайра президент болосуңбу? Андан кийин кантип иштейсиң?» деп сурадым. Ал кездеги убактылуу президент Роза Отунбаева менен сүйлөшсөм, кандай жол менен болсо да Бакиевди алып чыгып кетишимди суранды».

Назарбаев Отунбаева менен телефон аркылуу сүйлөшкөн маалда дүйнөлүк өзөктүк куралданууга байланыштуу саммитте турганын, ошол маалдагы Орусиянын президенти Дмитрий Медведев, АКШнын президенти Барак Обама менен саммитте туруп алып шыбырашып Кыргызстандагы абалды жөнгө салууну сүйлөшкөнүн эскерет.

«Мен аларга «Кыргызстанда жарандык согуш коркунучу башталды. Куралданган бакиевчилер Бишкекти көздөй бет алды, бир нерсе кылалы» дедим. Мен Бакиевди алып кеткени учак жибереримди, бирок орусиялык аткыч учактар менин учагымдын коопсуздугун камсыз кылышы керек экенин айттым. Ошол кездеги коргоо министри Адилбек Жаксыбековго «учак жибер» десем, Ошто аэропортко шагыл түшүрүп салышканын, учак конушу мүмкүн эмес экенин айтты. Ошентсе да учакты жиберип, Бакиевдерди үй-бүлөсү менен алып келишти», - дейт Назарбаев.

2005-жылкы «жоогазын ыңкылабы» атыккан март окуясында бийликтен кулатылган Аскар Акаевдин ордуна бийлик башына Курманбек Бакиев келген. Ал президенттик кызматынан 2010-жылы 7-апрелде кулатылып, ордуна Роза Отунбаева адегенде Убактылуу Өкмөттүн башчысы, референдумдан кийин өткөөл мезгилдин президенти болуп турган.

Нурсултан Назарбаев - Борбор Азиядагы өз өлкөсүн эң узак башкарган президент. Ал биринчи жолу Казакстандын президенти болуп 1990-жылы шайланган. 2019-жылы кызматын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Назарбаев өзү Казакстандын Коопсуздук кеңешинин башчысы, Конституциляык кеңештин мүчөсү, башкаруучу "Нур Отан" партиясынын төрагасы кызматтарын сактап калган. (BCh)

XS
SM
MD
LG