Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогун утуп алды


Айсулуу Тыныбекова Белградда өтүп жаткан Дүйнө кубогунун финалдык беттешинде. 15-декабрь, 2020-жыл.
Айсулуу Тыныбекова Белградда өтүп жаткан Дүйнө кубогунун финалдык беттешинде. 15-декабрь, 2020-жыл.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербияда өтүп жаткан дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.

Тыныбекова жарым финалдык беттеште орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде жеңген. Ал ага чейин алгач румыниялык Крисца Тунде Инцени (10:0), чейрек финалда түркиялык Кансу Аксойду (10:0) ири эсепте уткан эле.

Дагы бир кыргызстандык Мээрим Жуманазарова 15-декабрда 68 килограммга чейинкилер арасында килемге чыгып, эки атаандашын утуп, финалга чыкты. Ал бүгүн, 16-декабрда финалда чехиялык Адэла Ханзликова менен күч сынашат.

Жуманазаровадан сырткары бүгүн Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн күрөшөт. Ал жарым финалда германиялык Аллин Роттер Фокенге жеңилди. Ага чейин алгачкы беттешинде болгариялык Мария Оряшкованы 5:1 эсебинде утуп алган эле.

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан мелдеш 12-декабрда башталып, алгачкы эки күндө грек-рим күрөшү боюнча балбандар күч сынашты.

Күрөштүн аталган түрүнөн кыргыз балбандары бир алтын, эки коло байге алышты. 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков алтын медал тагынса, Руслан Царев (72 кг.) менен Калы Сулайманов (63 кг.) коло байгенин ээси болушту.

XS
SM
MD
LG