Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:14

Жаңы биометрикалык паспорттун алгачкы үлгүсү келди


Жаңы биометрикалык паспорт.
Жаңы биометрикалык паспорт.

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык жалпы жарандык паспорттун алгачкы үлгүлөрү келгенин кабарлады.

Жаңы үлгүдөгү паспорттун барактарындагы коргоочу элементтерди жана шөкөтүн текшерүү иштери башталды. 2020-жылдын 29-майында германиялык «Mühlbauer ID Services GmbH» компаниясы менен электрондук паспортторду даярдоо боюнча келишим түзүлгөн.

Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттун негизги артыкчылыгы - 30дан ашуун заманбап коргоочу каражаттары бар, паспорттун сыртында электрондук чип орнотулган жана жарандын жеке маалыматтары лазердик технологиялар менен жазылган.

Мамлекеттик каттоо кызматы мындай паспорт 2021-жылдын башынан тартып жарандарга бериле баштай турганын билдирди.

Виза коюлуп, чек ара өткөрмө бекеттеринин мөөрү басылчу барактарга Кыргызстандын аймактарынын символдору тартылган. Бишкектеги Ала-Тоо аянты, Манастын эстелиги, Оштогу «Сулайман-Тоо» музей комплекси, Баткендеги Айгүл гүлү, Токтогул суу сактагычы, Таш-Рабат комлекси, Таластагы Манастын күмбөзү, Токмоктогу Бурана жана Ысык-Көлдүн сүрөттөрүн тапса болот. Ошондой эле өлкөдөгү жаныбарлар да тартылды.

Буга чейин кыргызстандыктарда биометрикалык паспорт болбогондуктан, АКШнын администрациясы 2020-жылдын 31-январынан тартып кыргызстандык жарандардын иммиграциялык визаларына жана грин-картка чектөөлөрдү киргизген.

2020-жылдын этегине чейин Мамлекеттик каттоо кызматы германиялык «Muhlbauer ID Services GmbH» компаниясы менен биометрикалык паспорттордун бир бланкын 407 сомдон чыгаруу боюнча келишимди макулдашат.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы биометрикалык паспорттун кечигишине бланктарды алып келүүдөгү жана чыгаруудагы коррупциялык иштер себеп болгонун иликтеп чыккан болчу. (BCh)

XS
SM
MD
LG