Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

Бишкектеги ышты «Кумтөрдүн» акчасы менен жоюу сунушталууда


Абасы ышталган Кыргызстандын баш калаасы.
Абасы ышталган Кыргызстандын баш калаасы.

Бишкек шаарын каптаган кара түтүндү «Кумтөр» ишканасынын каражаты менен жоюуну Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек-Чүй боюнча башкармалыгынын жетекчиси Болот Кадырбеков сунуш кылды. Бул тууралуу ал 15-декабрда «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында айтты. 2020-жылдын башында Бишкек шаары менен Чүй облусундагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча мамлекеттик план иштелип чыгып, анда 40 пункттан турган долбоор камтылган.

«Азыркы тапта мамлекеттик мекемелердин бардыгы ушул планга ылайык иштеп жатат. Пандемиядан, экономикалык кыйынчылыктан жана саясий окуялардан улам айрым пункттарын ишке ашыруу мүмкүн эмес болуп калды. Бирок иштеп жатабыз. Бишкектеги ышты «Кумтөрдөн» түшкөн 1,4 миллиард сомду коротуу менен жеңсе болот», - деди Кадырбеков.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Бишкек мэриясына караштуу райондордун жетекчилиги ышты жок кылуу жана бул күрөштү финансылык жактан каржылоо боюнча долбоорлорду сунуш кылышы керек экенин белгилеп жатат.

Ушул эле күнү Бишкек мэриясынын алдына нааразылык акциясына чыккандар шаарды каптаган ышты жоготуу боюнча чара көрүүнү шаар бийлигинен талап кылышты.

World Live Air Quality индекси боюнча 15-декабрда дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын 3-сабында Бишкек турат. Биринчи орунда Бангладештеги Дакка, андан соң Израилдин баш калаасы Тел-Авив экени көрсөтүлгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG