Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Баласын аёосуз сабаган кыргызстандык ата Москвада соттолду


Бала токмоктолгону тартылган видеодон кесилген сүрөт.
Бала токмоктолгону тартылган видеодон кесилген сүрөт.

Москвада баласын аёосуз сабаган кыргызстандык эркек үч жарым жылга соттолгонун РИА «Новости» агенттиги 14-декабрда жазды. Ага «эрезеге жете элек баласын багуудагы жана тарбиялоодогу жоопкерчиликсиз мамиле жана зомбулук» деген айып коюлду.

2020-жылдын апрелинде социалдык түйүндөрдө болжол менен башталгыч класста окуган баланы атасы токмоктоп жатканы тартылган видео тараган. Ички иштер министрлиги балага зомбулук көрсөткөн окуя 16-апрелде болгонун, баласын сабаган жаран Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 35 жаштагы тургуну, үй-бүлөсү менен 2019-жылы күзүндө Орусияга кеткенин билдирген.

Баланы аёосуз сабоо фактысы Москва шаарынын Кунцево районунун ички иштер бөлүмүн катталган. РИА «Новости» ал баласын урган башка учурлар да аныкталганын, күнөөсүн мойнуна алганын маалымдады. (SE/BCh)

XS
SM
MD
LG