Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Атамбаевдин тоюн атайын кызмат териштире баштады


Жалил Атамбаевдин уулунун тоюнан тартылган сүрөт.
Жалил Атамбаевдин уулунун тоюнан тартылган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Оштогу белгилүү ишкер Жалил Атамбаевдин 1000дей кишиге берген тоюна байланыштуу иликтөө ишин баштады.

Атамбаев атайын кызматта ишеген уулун үйлөндүрүп, ага белгилүү саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары, Оштун мурунку жана азыркы мэрлери да катышкан.

Ишкер Жалил Атамбаевдин тоюна мэр Таалайбек Сарыбашовдун барганы сынга кабылды. Мэрдин басма сөз кызматы Ошто тойлорго уруксат берилгенин, бирок Сарыбашовдун ага катышуусу «туура эмес болуп калганын» айтты.

УКМКнын иликтөөсү

14-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Оштогу белгилүү бизнесмен Жалил Атамбаев коронавирустан улам киргизилген чектөөлөргө карабай уулуна 12-декабрь күнү шаан-шөкөт менен той өткөргөнүнө байланыштуу териштирүү баштады.

Атайын кызматтын өкүлү Рахат Сулайманов «Азаттыкка» берген маалыматында Атамбаевдин үйлөнгөн баласы УКМКнын кызматкери экенин, анын үстүнөн да кызматтык иликтөө жүрүп жатканын айтты.

«Өзгөчө кырдаал учурунда кабыл алынган чектөөлөргө карабай Жалил Атамбаев 1000ге жакын кишини чакырып, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу менен той өткөргөнү коомчулукта да терс талкууларды жараткан. Ошол себептен текшерүү иштери башталды. Жалил Атамбаевдин үйлөнгөн баласы УКМКнын кызматкери. Ага карата да кызматтык териштирүү башталды».

Сулайманов той өткөргөн Жалил Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылганын, териштирүүнүн жыйынтыгына жараша чара колдонуларын кошумчалады.

УКМКнын маалыматында Атамбаевдин уулунун тоюна 1000ге чукул киши катышкан.
УКМКнын маалыматында Атамбаевдин уулунун тоюна 1000ге чукул киши катышкан.

Атайын кызматтын маалыматында COVID-19 илдетине байланыштуу Кыргызстандын бир топ аймактарында, анын ичинде Ош, Бишкек шаарларында өзгөчө кырдаал режими сакталып жатканы жазылган.

Атамбаевдин өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. «Азаттык» радиосу ал жана башка тараптарга микрофон сунууга даяр.

«Тойго уруксат берилген»

Ал эми Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтуусунда, Ошто тойлорду өткөрүүгө уруксат берилген жана кишинин санына чектөө коюлган эмес.

Азамат Абсаттаров.
Азамат Абсаттаров.

«Азыр Ошто тойлорго уруксат берилген. Албетте 1000дей адамга той бергени туура эмес. Чынында адам көп болгон. Бирок тойлорго чектөө жок. Тойго чакырса, канча киши келээрин билбейсиң да. Мэр тойго катышып келген. Эгер Ошто тойлорго чектөө алынбаганда той өтмөк да эмес, мэр да бармак эмес».

Жалил Атамбаевдин уулунун үйлөнүү тоюна Ош шаарынын мэринен сырткары Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутаттар Искендер Матраимов, Азамат Арапбаев, Алтынбек Сулайманов жана башкалар катышкан.

Атамбаев Ошто ишкер катары таанымал. Ал ресторан-кафелердин, көп кабаттуу үйлөрдүн жана ишканалардын ээси. Мурда Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматынын башчысы болуп иштеген. 2019-жылы Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталган.

Тойдогу оюн-зооктордун жеңүүчүлөрү үчүн даярдалган машинелер.
Тойдогу оюн-зооктордун жеңүүчүлөрү үчүн даярдалган машинелер.

2019-жылы «Азаттыктын» иликтөөсү коомчулукта резонанс жараткан. Иликтөөнү негизсиз деп эсептеген ишкер Жалил Атамбаев «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковдон 50 миллион сом өндүрүп берүүнү сурап сотко кайрылып, кийин арызын кайтарып алган.

«Бири-бири менен чырмалыш»

«Азаттыктын» Оштогу мурдагы кабарчысы, эркин журналист Ыдырыс Исаков мэр Таалайбек Сарыбашовдун Атамбаев менен мамилесин сынга алып, мэрдин бул аракети мамлекеттин коррупцияга каршы саясатына туура келбей жатканын билдирди:

Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаковдун суроолоруна жооп берип жаткан учур.
Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаковдун суроолоруна жооп берип жаткан учур.

«Ошко ким келсе тосуп алып, чай берүү жагынан Жалил Атамбаевге эч ким жетпесе керек. Үлкөн чиновниктердин дээрлик баары Атамбаевдин колунан чай ичкен. Мына ошондон улам да анын ондогон фирмаларындагы каржылык кыңыр иштерге укуктук баа берилбей келатат. Балким Сарыбашовдун конокторуна да Жалил чай берип жүргөндүр. "Демөөрчүлүк жардам менен курулду" деген кооз сөздөрүнүн артында Жалил Атамбаевге окшогондор турары баарыбызга белгилүү. Мэрлик кызмат чарбалык эле эмес, саясий, идеологиялык кызмат болгондуктан мэр өзүн таза кармоого милдеттүү. Ал эми жетекчилер "Мен кимден жардам алдым?", "Кимдин тоюна бардым?", - дегенге да баш оорутуп жүрсө болмок. Кыскасы баары чырмалышып, аралашып жатып калган да».

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров да калаа башчысы Сарыбашовдун Жалил Атамбаевдин тоюна барганы «туура эмес» көрүнүш болгонун моюндайт.

Жергиликтүү саясий серепчи Төлөгөн Келдибаев Оштогу аткаминерлер менен ишкерлер, кылмыштуу топтордун өкүлдөрү бири-бири менен байланышта экенин айтууда.

«Оштогу олигархтардын бардыгы бийлик, криминал, күч органдары менен кызматташат. Антпесе алардын иши жүрбөйт. Ошондуктан саясатчылар тойго барганга мажбур. Көп нерселер ЖМКлар аркылуу айтыла бербеши мүмкүн. Бирок кайсы бир деңгээлде жеке мамилелери бар. Эгерде мыйзам бузуулар орун алган болсо, мэрдин да жоопкерчилиги каралышы керек».

Тойдогу оюндардын жеңүүчүлөрү үчүн жыйылган тиричилик техникалары.
Тойдогу оюндардын жеңүүчүлөрү үчүн жыйылган тиричилик техникалары.

Жалил Атамбаев УКМКда иштеген уулунун тоюн шаардагы эң чоң, өзүнө таандык экени айтылган «Рамазан» аттуу ресторанда өткөрдү. Тоюндагы оюн-зооктор үчүн үч машине жана жыйылган тиричилик техникалары коюлганын интернетке чыккан сүрөттөрдөн көрүүгө болот.

Коронавируска каршы республикалык штаб санитардык-эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон экенин эскертүүдө. Соңку эки-үч айдан бери күнүгө жүздөгөн адамдан оору аныкталып келатат.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий кабарына ылайык, андан бери коронавирус 77 674 кишиге жукту, алардын 1312 каза болуп, 70 450 бейтап айыкты.

XS
SM
MD
LG