Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Бишкекте “Мыйзамдуулук үчүн тынчтык марш” өттү


Жарандык активисттердин референдумга каршы жүрүшү. Бишкек. 6-декабрь, 2020-жыл.
Жарандык активисттердин референдумга каршы жүрүшү. Бишкек. 6-декабрь, 2020-жыл.

Жарандык активисттер жекшемби сайын өткөрүп келе жаткан “Референдумга каршы” жүрүшү – бүгүн, 13-декабрда “Мыйзамдуулук үчүн тынчтык жүрүшү” деп аталды. Жүрүш мурдагыдай эле темир жол бекетинен башталып, Эркиндик гүлбагында митинг менен аяктады.
Жүрүшкө президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев да катышты. Ал “Азаттыкка” берген маегинде:

“Бизде беш президенттин экөө өлкөгө келе албай жүрөт. Бирөө түрмөдө. Бирөө мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти. Ушундай доордо кайра президенттик башкарууну алып келем деген элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбейт”, деп билдирди.

Митингде референдумдан тышкары сот адилетсиздиги, сөз эркиндигинин келечеги тууралуу сөздөр айтылды.

«Бийликти узурпациялоого жана мыйзамсыздыкка каршыбыз» деген ураандын астында биригишкен жарандык активисттер жети жумадан бери ар жекшемби сайын тынчык жүрүшүнө чыгып жатышат.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Бул күнү шайлоо менен чогуу референдум болот. Анда кыргызстандык жарандар мамлекеттик башкаруу формасын да тандашат.

Анда жарандардын тандоосуна башкаруунун:

— президенттик;

— парламенттик;

— бардык варианттарга каршы түрлөрү коюлат.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун шашылыш түрдө, 10-декабрда экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алган.

Долбоор парламенттин кароосуна 9-декабрда коюлуп, ошол эле күнү биринчи окуудан өткөн.

Парламенттеги айрым депутаттар аталган мыйзам долбоору "Референдум тууралуу" конституциялык мыйзамдарды бузуу менен, талап кылынган жол-жоболордон өткөрүлбөй туруп, бир кишинин кызыкчылыгы үчүн шашылыш жазылып, чукул кабыл алынды деп сындашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG