Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:19

Коронавирус төрт медицина кызматкеринен аныкталды


Кызыл аймакта иштеп жаткан дарыгерлер. Кыргызстан. 156-июль, 2020-жыл.
Кызыл аймакта иштеп жаткан дарыгерлер. Кыргызстан. 156-июль, 2020-жыл.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 13-декабрга карата берген маалыматы боюнча, төрт медицина кызматкери COVID-19 илдетине чалдыкканы аныкталды. Алардын ичинен бирөө "кызыл зонада" иштеп жаткан. Ал эми 11 медицина кызматкери акыркы суткада үй карантинден чыгарылып, ишине кайтты.

Кыргызстанда COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 4 034 учур катталды, алардын ичинен 3761 медкызматкер сакайды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 10-декабрга чейин коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин 608ине 200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилди. Андан тышкары COVID-19 вирусун жумуштан жугузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин арасынан 30унун үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөндү.

Дагы 148 саламаттык сактоо кызматкерине жана каза болгон эки медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө компенсация төлөш үчүн документтер даярдалып жатканы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG