Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:38

ТИМ АКШнын коррупцияга каршы сунушу үчүн ыраазычылык билдирди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз-америка кызматташтыгына байланыштуу билдирүү таратты. Анда социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары министрликтин 2020-жылдын 7-декабрындагы кыргыз-америка мамилелерине байланыштуу билдирүүсүнүн жалпы мазмунун бурмалап бергени үчүн өкүнүчүн билдирген.

Ошондой эле соңку эки тараптуу жолугушууда коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташуу маселелери талкууланганы айтылат.

«Кыргыз тарап АКШга ушул багыттагы кызматташуу боюнча сунушу үчүн ыраазычылык билдирет. Жетишилген макулдашууларды ырааттуу аткарып, министрлик АКШнын элчилигинен резонанстуу иштердин акыйкат тергелишине салым кошо турган материалдарды сурады. Ошол эле учурда, мындай кызматташтык башка мамлекеттер менен болгон негизги укуктук ченемдердин жана принциптеринин бири - суверендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөө эрежесинин чегинде жүргүзүлөт деген ниетибизди билдиребиз», деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүдө Кыргызстандын жаңы өкмөтү коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы болуп көрбөгөндөй күрөш жүргүзүп жатканы белгиленет. Анда бул жаатта АКШ менен буга чейинки кызматташтык өз жемишин бергенин, өлкөдөн уурдалган айрым мүлк Кыргызстанга кайтарылганы айтылат.

«Учурда америкалык кызматташтар менен бирге мыйзамсыз алынган мүлктү аныктоо жана аны кайтарып келүү боюнча иштер уланууда. Кыргызстан эки тарап мындан да чоң натыйжаларга жете аларына ишенет. БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясынын мүчөсү болгондуктан, кыргыз тарап жалпысынан, жалаң эле АКШ менен эмес, башка достук мамиледеги өлкөлөр менен да тыгыз кызматташууга даяр. Анткени коррупция эл аралык коркунучка айланып, демократиялык институттарга, улуттук экономикага жана укуктук тартипке олуттуу зыян келтирүүдө», деп айтылат билдирүүдө.

ТИМ Кыргызстан өзүнүн ачык позициясын жана жогоруда айтылган маселелер боюнча эл аралык укуктук жана улуттук мыйзамдардын чегинде кызматташууга даяр экендигин ырастаган.

5-декабрда АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү сындаган. Ошондон кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Лунун билдирүүсүнө жооп кайтарып, «ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар» деп сынга алган.

9-декабрда АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизди. 10-декабрда анын аялы Уулкан Тургунова да Мамлекеттик департаменттин «кара тизмесине» киргизилди.

XS
SM
MD
LG