Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Грузия: Оппозициянын бойкотуна карабай парламент ишин баштады


Грузин парламенти. 11-декабрь, 2020-жыл.
Грузин парламенти. 11-декабрь, 2020-жыл.

Грузияда оппозициялык партиялардын бойкот кылганына карабай бийликчил «Грузин кыялы» партиясы парламенттин жаңы чакырылышынын жыйынын өткөрдү. Оппозиция 31-октябрда өткөн шайлоодо мыйзам бузуу менен өткөнүн айтып, таануудан баш тарткан.

Жаңы чакырылыштагы парламенттин жыйынын өлкө президенти Саломе Зурабишвили ачып, Грузиядагы бардык саясий күчтөрдү жана коомчулукту биримдикке чакырды.

Ал арада бир катар оппозициячыл партиялардын өкүлдөрү парламентке жанаша жайгашкан Жаштар борборуна чогулуп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган жана депутаттык мандаттарынан баш тартуу ниетин бекемдеген меморандумга кол коюшту.

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, олигарх Бидзина Иванишвили түзгөн бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы добуштардын 48,15%, «Бирдиктүү улуттук кыймыл» кирген оппозициялык блок 27,14%, ал эми «Европачыл Грузия» партиясы 3,78% добуш алганы кабарланган.

Мындан сырткары дагы алты партия парламентке келүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн 1% босогодон өткөн.

Буга чейин АКШнын жана Европа Биримдигинин ортомчулугу менен бийликтин жана оппозициянын өкүлдөрү төрт ирет сүйлөшүү өткөрүп, бирок андан майнап чыккан эмес.

АКШнын Грузиядагы элчиси Келли Дегнан 11-декабрдагы парламенттин жыйынына конок катары катышты.

XS
SM
MD
LG