Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Курсан Асановдун соту декабрдын аягына калды


Курсан Асанов соттук иштердин жүрүшүндө. Архивдик сүрөт.
Курсан Асанов соттук иштердин жүрүшүндө. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн, 11-декабрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго жана башка айыпталуучулар - Турсунбек Бейшенбеков менен Дамир Пайзилда уулуна байланыштуу кылмыш ишин карады.

Отурум башталгандан кийин күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу ишти кароо 29-декабрга, саат 15:00гө жылдырылды.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата үч кылмыш иши козголгон. Биринчиси - ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан, мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлууда.

Экинчиси - Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга байланыштуу айыптаган жалган маалыматтарды тараткан деп күнөөлөнүп жатат.

Үчүнчүсү - 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу Асановго «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негиздеги айып коюлган. Соттук териштирүү 2020-жылдын 14-февралында башталган.

Бул үч ишти бириктирип Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. «Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган Курсан Асанов 2019-жылдын 27-августунан бери үй камагында келаткан.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган.

Башаламандык учурунда ошол кездеги ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кайда кеткени белгисиз болгон. Анын милдетин 6-октябрдан кийин Курсан Асанов аткарып жаткан. ИИМдин жеке курамы жетекчи катары министрдин кийинки орун басарлары убактылуу иш алып барышын талап кылып, 9-октябрда Асановду имараттан чыгарып коюшканы маалымдалган.

Курсан Асанов кийин, 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда кармалып, УКМКнын тергөө абагына түшкөн. 4-ноябрда кайрадан үй камагына чыгарылган.

Асанов өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагып келатат. Ал 2021-жылдын 10-январында өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген. (ErN)

XS
SM
MD
LG