Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Медициналык мекемелерде COVID-19 вирусуна байланыштуу 693 мыйзам бузуу болгону аныкталды


Кыргызстандагы COVID-19 вирусуна байланыштуу ачылган стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы COVID-19 вирусуна байланыштуу ачылган стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылы коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргызстандын саламаттык сактоо мекемелеринин ишинде 693 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Анда айтылгандай, бул боюнча 369 прокурордук реакция жасоо актысы түзүлгөн. 314 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, мамлекеттин бюджетине 8 млн. 331 миң сом кайтарылган.

34 иштин материалдары Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилип, сотко чейинки териштирүү башталган.

Ушул эле маселе Башкы прокуратурага караштуу Коррупцияга каршы туруу боюнча координациялык кеңештин 10-декабрдагы жыйынында да каралды. Анда 2020-жылдын 10 айында Кыргызстандын укук коргоо органдарында кызматтык жана коррупциялык иштерге байланыштуу 2262 кылмыш иши боюнча сотко чейин териштирүү иши ачылып, анын 319 сотко жөнөтүлгөнү кабарланган.

25-ноябрда Жогорку Кеңеште бюджет маселеси талкууланып жаткан учурда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков сырттан келген акчанын эсебинен быйыл коронавируска каршы күрөшкө 3,1 миллиард сом бөлүнгөнүн билдирген.

Тышкы жардам катары быйыл Кыргызстанга жалпысынан 343 миллион доллар келген, сомго которгондо бул дээрлик 25 миллиард сомдой акча болгон. Анын көбү негизинен бюджеттин дефицитин жабууга жумшалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG