Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Матраимовдордун доо арызы боюнча сот уланат


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Бишкектин Свердлов райондук соту, бүгүн 11-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, мурдагы кабарчы Али Токтакуновго жана «Kloop.kg» сайтына каршы жазган доо арызы боюнча ишти карайт.

12-ноябрда сот Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун өкүлү келбей калгандыктан жараянды бүгүнкүгө жылдырган.

«Азаттыктын» мурдагы кабарчысы, иликтөөчү журналист Али Токтакуновго да сотко чакыруу берилген. Токтакунов бүгүнкү жараянга бара турганын билдирди.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, журналист Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын былтыр 9-декабрда бул үч медиада жарыяланган иликтөөлөрдөн кийин сотко берип, жалпы 60 миллион сомдук доо койгон. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд сотко кайрылган.

Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана аты бар, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов быйыл 20-октябрда кармалган.

Ошол эле күнү анын бөгөт чарасын караган Биринчи май райондук соту Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, мамлекетке келтирген чыгымын толугу менен төлөп берүүгө убада бергенин эске алып, аны эч кайда кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.

УКМКнын басма сөз кызматы ошол күнү тараткан кабарда Матраимовдун кылмыштуу аракеттеринин кесепетинен мамлекет эки миллиард сом зыян тартканы аныкталганы жана ал аны төлөп бере турганы белгиленген.

Кыргызстандын Финансы министрлиги 8-декабрда Матраимов мамлекетке жалпысынан 773 миллион сом төктү деп билдирди.

АКШнын Финансы министрлиги 9-декабрда Райымбек Матраимовго санкция киргизди.

Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта «Магнитский акты» деген аталыш менен белгилүү «кара тизмеде» Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматта Матраимовго салынган санкция коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүндө АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офиси (OFAC) Африка жана Азиянын айрым мамлекеттериндеги жемкорлорду жана алардын байланыш чөйрөсүн көзөмөлгө алып жатканы белгиленген.

«Магнитский актына» киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк менен финансылык активдери камакка коюлат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисине берилет. Мындан тышкары камакка коюлган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактардын үлүшү да камакка коюлат. Ал офистин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан операцияларына катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле «кара тизмеге» илинген адамдын кызматын көрүүгө же ага кызмат көрсөтүүгө, каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле салым, каражат же товар алууга тыюу салынат. (NT)

XS
SM
MD
LG