Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:48

Сурабалдиева: 5-6-октябрда жаракат алгандар өкмөттүн көзөмөлүндө


Саламаттык сактоо министри А. Бейшеналиев митинг учурунда жаракат алган жарандын абалы менен таанышуу учуру. Бишкек шаары. 2-ноябрь, 2020-жыл.
Саламаттык сактоо министри А. Бейшеналиев митинг учурунда жаракат алган жарандын абалы менен таанышуу учуру. Бишкек шаары. 2-ноябрь, 2020-жыл.

5-6-октябрда аянттагы массалык баш-аламандыктар учурунда жаракат алгандардын баары учурда өкмөттүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева бүгүн, 10-декабрда депутат Урмат Самаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Депутат вице-премьер-министрге ошол күнкү окуялардын жоопкерчилигин эскертти:

«Сиз алардын арасында туруп, «кетпегиле» деп суранып турдуңуз эле. Ошол балдардын арасында 20 баланын абалы оор, колу-бутунан ажырады, көзүнөн ок чыгара албай жаткандары бар. Жолуктуңузбу аларга?»

Элвира Сурабалдиева 5-6-октябрда жабыркагандардын тизмеси такталып жатканын, 8-декабрь күнү алар менен жолукканын билдирди:

«Буга чейин деле жеке демилгем менен дарылануусуна, операциясына жардам бергем. Жеке чөнтөгүмдөн 300 миң сом төлөп бергем. Азыр өкмөт көзөмөлүнө алган, зарылчылыгына жараша ооруканаларга, реабилитациялык борборлорго жайгаштырып, дарылатабыз».

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы массалык башаламандык менен коштолгон. Анда 1250 адам жабыркап, 279 киши ооруканага жаткырылган. Милиция менен элдин кагылышуусунун маалында 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргыч жарылганда катуу жараат алып каза болгон. 100дөн ашуун адам жаракат алган.

Бул окуядан кийин Кыргызстанда бийлик алмашкан. Шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып чыккандардын катарында болгон депутат Элвира Сурабалдиева 16-октябрдан кийин келген өкмөттүн курамында вице-премьер-министр болуп бекитилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG