Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Жыл башынан бери Кыргызстанга кирген түз инвестициялар үч эсе кемиди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдын алгачкы тогуз айында чет өлкөдөн келген түз инвестициялардын көлөмү 398,4 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,9% азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Былтыр бул аралыкта 576,8 млн. доллар инвестиция келген эле.

Быйылкы түз инвестициялардын ичинен менчик капитал, кайра инвестицияланган пайда, насыялар жана башка салымдардын баары азайганы кабарланды.

Муну менен бирге инвестициялардын чыгып кетиши көбөйгөнү байкалды. Былтыркы жылдын алгачкы тогуз айында 513,5 млн. доллар чыгарылып кетсе, быйыл бул мөөнөттө 719,1 млн. доллар чыгарылып кетти.

Кирген жана чыккан инвестициянын азайышын мурдараак мамлекеттик органдар коронавирус пандемиясы менен түшүндүрүшкөн. Кийин 5-6-7-октябрдагы массалык башаламандык да бул көрсөткүчтү начарлатары айтылган.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2019-жылы Кыргызстанга 1 млрд. 76 млн. долларлык түз инвестиция келип, 673 млн. доллардан ашык түз инвестиция кайра чыгарылып кеткен. 2018-жылы кирген сумма 851 млн. 743,6 сомду түзсө, 707 млн. 521,0 доллар чыгарылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG