Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

Бекешев: АКШ «кара тизмеге» киргизген Матраимовду парламент көкөлөтүп отурат


Р. Матраимовдун «Магнитский тизмесине» киргени тууралуу АКШнын Финансы министрлигинин расмий сайтына чыккан маалымат. 9-декабрь, 2020-жыл.
Р. Матраимовдун «Магнитский тизмесине» киргени тууралуу АКШнын Финансы министрлигинин расмий сайтына чыккан маалымат. 9-декабрь, 2020-жыл.

АКШ 9-декабрда «Магнитский тизмесине» киргизген Райымбек Матраимовду Кыргызстанда парламент, бийлик мактап отурат. Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев 10-декабрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө ушундай пикирин билдирди:

«9-декабрда эл аралык коомчулук Коррупцияга каршы күрөш күнүн белгиледи. Ошол күнү АКШ өкмөтү кыргызстандын жараны Райымбек Матраимовду «Магнитский тизмесине» киргизди. Бул тизмеге кирген адамдар менен кызматташууга тыюу салынат. Биздин парламентте аны тескерисинче колдоп, «элге кызмат кылган үй-бүлө» деп мактап отурушкан. Күч кызматтары да ага иштеген. Аны мактап, аны менен байланышкан бардык адамдар эч кандай жоопкерчилик тарткан жок, кандай болсо ошондой эле жыргап жүрүшөт».

Дастан Бекешев Райымбек Матраимовду «2 млрд. сом төлөп берет» деген кыргыз бийлигинин келишиминин «коррупциялык келишим» деп атады.

АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизди. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматта Матраимовго салынган санкция коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүндө АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офиси (OFAC) Африканын жана Азиянын айрым мамлекеттериндеги жемкорлорду жана алардын байланыш чөйрөсүн көзөмөлгө алып жатканы белгиленген.

АКШ элчилиги «Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кеминде 700 миллион АКШ долларын аткезчилик жол менен Кыргыз Республикасынан алып чыгуу схемасына катышкан» деп мүнөздөгөн.

Ошондой эле бул схема бир компанияны колдонууга жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качууга жол бергени да белгиленген.

«Магнитский актына» киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигинде турган бардык мүлк менен финансылык активдери камакка коюлат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө кеңсесине берилет. Буга кошумча камакка алынган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактардын үлүшү да камакка коюлат. Ал кеңсенин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан операцияларына катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле «кара тизмеге» илинген адамдын кызматын көрүүгө же ага кызмат көрсөтүүгө, каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле салым, каражат же товар алууга тыюу салынат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG