Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:01

АКШдагы киберкоопсуздук боюнча компания хакердик чабуулга кабылганын жарыялады


«FireEye» компаниясы.
«FireEye» компаниясы.

АКШдагы киберкоопсуздук боюнча «FireEye» деген ири компания кибер чабуулдун бутасы болгонун шейшембиде билдирди.

Фирманын адистери анын артында башка бир өлкөнүн бийлиги турат деп боолголошот. Алар компьютерлерди бузуп кирүүнүн мурда көрүп-билбеген ыкмаларына туш болушканын айтышат.

Кол салгандар компаниянын АКШдагы жана өнөктөш мамлекеттердеги кардарлардын киберкоопсуздугун тесттен өткөрүүчү каражаттарга ээ болушканы кабарланды. Окуя качан болгону белгисиз, бирок айрым булактар фирма акыркы эки жумадан бери улам паролдорду алмаштырып келатканын билдиришти.

Азырынча ошол уурдалган аспаптар пайдаланып же пайдаланылбаганы тууралуу маалыматтар жок.

Хакерлерди издөөгө Федералдык иликтөөлөр бюросунун жана «Microsoft» корпорациясынын кызматкерлери тартылды.

XS
SM
MD
LG