Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:53

Талапкерлердин ичинен Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна эң көп акча түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) көзөмөл-текшерүү тобу президенттик шайлоого катыша турганын билдирген 20 кишинин шайлоо фондуларына түшкөн каражаттар жана анын сарпталышы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка караганда, шайлоо фондуна эң көп акча Садыр Жапаровдон түшкөн. Анын акчасы 15 миллион сом. Бул каражат шайлоо фонддорундагы 44,7 миллион сомдук жалпы эсептин 33.5% түзөт.

Андан кийин жеке ишкер Бабур Төлбаев турат, анын шайлоо фондуна 5,2 млн. сом которулган. Калган 18 кишинин шайлоо фонддоруна 1,1 миллион сомдон 2,5 миллион сомго чейин акча түшкөн.

Шайлоо фонддорундагы жалпы эсеби 44,7 миллион сомдук каражаттын 26.3 млн. сому сарпталган.

Бул - 4-декабрга карата маалымат. Шайлоо фонддоруна түшкөн акча жана анын чыгымдалышы боюнча бул аптада БШК маалымат бере элек. Андан бери президенттик шайлоого катышарын билдирген жарандардын 19у калды. Башында бул кызмат орун үчүн ат салышарын 65 киши расмий билдирген. Алардын айрымдары шайлоого катышуудан баш тартты, бир тобун БШК жарыштан четтетти.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Алар негизинен белгиленген шайлоо күрөөсүн төккөндөр жана кеминде 30 миң кишинин кол тамгасын чогултуп, тапшыргандар.

БШК президенттикке талапкерлерди 14-декабрга чейин каттоого тийиш. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталып, 9-январда аяктайт. (NT)

XS
SM
MD
LG