Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

ТИМ АКШ элчиси Дональд Лунун билдирүүсүнө жооп берди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Тышкы иштер министрлиги АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лунун өлкөдөгү абал тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди.

Тышкы иштер министрлигинин «Твиттердеги» расмий баракчасында 7-декабрда жарыяланган маалыматта элчи Дональд Лунун айткандарында «ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар» деп жазылган.

«Эл аралык мамилелердеги жана улуттук мыйзамдардагы бул принциптер эч качан бузулбашы керек» деп жазылган билдирүүдө.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу 5-декабрда Бишкекте журналисттерге «Интерньюс» уюмунун «Умтулуу» сыйлыгын тапшыруу аземинде Кыргызстандагы кырдаалды мафия тууралуу фильмдер менен салыштырган.

Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу окуяларды сындаган. Октябрь окуяларынан кийинки бийлик Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармаганына, андан казынага 2 миллиард сом өндүрүү тууралуу убадасын алып үй камагына чыгарганына токтолуп, мунун башталышы жакшы болгону менен жетишсиз экенин айткан.

«Бул Голливуддун мафия тууралуу киносуна окшоп кетти. Бирок сиз кино тасманын кандайча бүтөрүн азырынча билбейсиз. Кинонун кандайча бүтөрүн айтып берейин. Өкмөт кылмышкерлерди жоопко тартат. Бул аларды жазалайт. Бул алардын кылмыштуу уюмдарынын кыргыз элинин ырыскысын уурдоодон коргойт. Бул кылмышкерлердин сиздин балдарыңызды баңгизат менен ууландыруусуна жол бербейт. Бирок бул нерселер кайраттуу адамдар каршы чыкканда гана жасалат», - деген Дональд Лу.

Ал өткөн 18 айда Кыргызстанда болгон эң маанилүү окуя катары Матраимовдорго байланыштуу журналисттик иликтөөнү атап, Кыргызстанда Совет мезгилинен бери эле болуп келген жана өнүккөн уюшкан кылмыштуулук өткөн жылга чейин ар дайым көмүскөдө жашап келгенин эске салган. «Азаттык», KLOOP, OCCRP, «Factcheck.kg» жана ондогон социалдык медиа журналисттеринин кылмыштуулук жөнүндө иликтөөлөрү коомдук талкуу жаратып, өкмөттү жооп берүүгө аргасыз кылганын белгилеген.

Райымбек Матраимовдун ири коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин ачыкка чыгарган бир канча журналисттик иликтөөлөр 2019-2020-жылдары жарыяланган. Матраимов жана анын жакындары анын куру доомат экенин айтып келатышат.

Парламенттик шайлоодон кийинки бийлик алмашуудан соң атайын кызмат Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.
Матраимов УКМКнын айыптоосу жана мамлекетке төгүп жаткан каражат тууралуу комментарий бере элек.

Финансы министрлиги 1-декабрда «Азаттыкка» маалымдагандай, бул аралыкта Райымбек Матраимов мамлекетке жалпысынан 647 миллион сом төктү. Өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген жана президенттик шайлоого катышканы жаткан Садыр Жапаров Матраимов мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген эки миллиард сомду ноябрдын аягына чейин төгүп бере турган болгонун 3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG