Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

"Reuters": Иран жер астындагы заводдо уран байыткан центрифугаларды орнотууну пландоодо


Иран жер астындагы заводдо уран байыткан центрифугаларды орнотууну пландоодо. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги БУУга караштуу Эл аралык атом энергиясы агенттигинин жашыруун баяндамасына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, Иран Натанз шаарындагы жер астындагы заводдо үч даана IR-2m центрифугаларын орнотууну көздөйт. Бул аймак борбор Тегерандан болжол менен 300 км алыста жайгашкан.

2015-жылы кудуреттүү өлкөлөр менен чогуу кол коюлган өзөктүк программага ылайык, Иран бул заводдо биринчи муундагы IR-1 центрифугалардан гана колдоно алат.

АКШ президенти Дональд Трамп 2018-жылы келишимден Вашингтонду чыгарып, Иранга каршы санкцияларды жарыялай баштаган. Андан бери Иран келишим шарттарын такай бузууда.

XS
SM
MD
LG