Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Муфтият айдоочулар арасында «Адам жаны - аманат» иш-чарасын өткөрүүдө


«Адам жаны - аманат» иш-чарасы Ысык-Көл облусунда.
«Адам жаны - аманат» иш-чарасы Ысык-Көл облусунда.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жол кырсыктарын азайтуу максатында айдоочулар арасында «Адам жаны - аманат» аттуу апталык түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүп жатат. Бул тууралуу 4-декабрда «Азаттыкка» муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, муфтий Максатбек Токтомушевдин 25-ноябрдагы буйругунун негизинде жер-жерлердеги дин кызматкерлери айдоочулар, такси кызматынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп жатышат.

«Жолдо жүрүү эрежеси, адам өмүрүнүн баалуулугу шариятта кандай жазылган? Ушул тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Апталык иш-чарабыз жакшы деңгээлде өтүп жатат», - деди ал.

Атабаев кошумчалагандай, муфтияттын башчысы жакында өзү Бишкектеги эки ири автобекетти жол коопсуздугун камсыздоочу милиция кызматкерлери менен кошо кыдырып, айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Өкмөттүн быйыл сентябрь айындагы маалыматына караганда, жыл башынан бери Кыргызстанда 3474 жол кырсыгы катталып, 385 адам каза болгон. Бул кырсыктардын 78% айдоочулардын айынан болгону аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG