Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:21

4-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

4-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен кар жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;

Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жамгыр жаабайт, күндүз кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 күндүз 1…3 градус болот.

XS
SM
MD
LG