Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:58

Казакстан мартта COVID-19га каршы вакцина чыгарууну пландоодо


Коронавируска каршы вакцина. Иллюстрациялык сүрөт.
Коронавируска каршы вакцина. Иллюстрациялык сүрөт.

Жамбыл облусунда наркы 7 млрд. теңгеге (16,5 млн долларга) бааланган коронавируска каршы казакстандык вакцина чыгара турган завод курулууда.

Жергиликтүү бийлик вакцина келерки жылдын март айынан тартып өндүрүлө баштай турганын билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы заводдо иштей турган биолог, вирусолог окумуштууларга атайын үй курулууда. Заводдо 65 киши иштемекчи.

Быйыл июнь айында Жамбыл облусунун Кордай районунда түрдүү инфекцияларга, анын ичинде коронавируска каршы вакциналарды чыгара турган заводдун курулушу башталган. Завод жылына 30-60 млн. доза коронавирус вакцинасын өндүрмөк. Андан тышкары куш тумоосу, бруцеллез, дерматит сыяктуу илдеттерге каршы вакциналар чыгарылары айтылууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19га каршы эки казакстандык вакцинаны өз тизмесине кошкон.

XS
SM
MD
LG