Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Крым татар активистин 19 жылга кесүү сунушталды


Ленур Ислямов.
Ленур Ислямов.

Орусия аннексиялап алган Крымдын прокуратурасы крым татарларынын ATR телеканалынын кожоюну жана жарым аралдын мурдагы вице-премьери Ленур Ислямовду 19 жылга кесүүнү суранды.

Ага мыйзамсыз куралдуу топ түзгөн, экстремизмге чакырган, Украинанын түштүгүндөгү электр линиясын бузууну уюштурган деген айып коюлган.

Ленур Ислямов өзүнө коюлган айыптар саясий негизде экенин, Крымдын аннексияланышын тааныбаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып келет. Анын адвокаттары телеканалдын кожоюнуна карата коюлган айыптар далилденбегенин билдирүүдө.

Ленур Ислямов Крым жарым аралы аннексияланган соң эки айдай вице-премьер болуп иштеген. Ал бул кызматка Крым-татар межлисинин квотасы аркылуу келген. Кийин бул уюм Орусияда тыюу салынган.

Ислямов 2014-жылы Украинага кетип, бул өлкөнүн жарандыгын алган. Аны Орусияда сыртынан соттоп жатышат.

XS
SM
MD
LG