Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:19

COVID-19: Ооруканада жаткан 700дөн ашык бейтаптын абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда COVID-19 жугузуп алып ооруканаларда дарыланып жаткан 2651 бейтаптын 119унун абалы өтө оор. 711 бейтаптын абалы оор, 1794ү орто, 27 кишинин ден соолугу канааттандырарлык деп бааланууда.

Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 2-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, учурда вирус жугузуп алганы расмий аныкталган 3600 бейтап үй шартында дарыланып жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери андан көз жумгандар 1277 адамга жетти. Расмий эсепка караганда, ооруну 73 513 киши жугузуп, 65 189 киши айыгып чыкканы кабарланды.

Вирусту аныктаган тест тапшырбай, өз алдынча дарылангандарды кошкондо илдетке чалдыккандар мындан бир топ көп болушу мүмкүн экенин айткан дарыгерлер да бар. (NT)

XS
SM
MD
LG