Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:08

АКШнын элчилиги Матраимовго козголгон кылмыш ишин кубаттады


Райымбек Матраимов. Коллаж сүрөт.
Райымбек Матраимов. Коллаж сүрөт.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго кылмыш иши козголушун кубаттаган пикирин «Твиттердеги» расмий баракчасына жарыялады. Билдирүүдө:

«АКШ элчилиги Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Райымбек Матраимовго каршы козгогон ишинде башка катышуучулар да пайда болгонун белгилейт. Тергөө жана өкүм – уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн ачкычы. Элдин ырыскысын уурдагандардын баары сот алдында жооп берерин камсыздайт», деп жазылган.

УКМК Райымбек Матраимовдун үстүнөн тергөө-иликтөө иштери уланып жаткандыгын, бул иштин алкагында коррупциялык схемага башка бажы кызматкерлеринин да катышы бар экени аныкталганын билдирген.

УКМК Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.
Матраимов УКМКнын айыптоосу жана мамлекетке төгүп жаткан каражат тууралуу комментарий бере элек.

Финансы министрлиги 1-декабрда «Азаттыкка» маалымдагандай, бул аралыкта Райымбек Матраимов мамлекетке жалпысынан 647 миллион сом төктү. Өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров Матраимов мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген эки миллиард сомду ноябрдын аягына чейин төгүп бере турган болгонун 3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG