Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:38

Азербайжан аскерлери Тоолуу Карабак келишимине ылайык Лачын районуна кирди


Лачын району. 2020-жылдын 30-ноябры.
Лачын району. 2020-жылдын 30-ноябры.

1-декабрда Азербайжандын аскер күчтөрү Тоолуу Карабактын чыгышындагы Лачын районуна (азербайжанча: Laçın rayonu) киргизилди. Бул жер согушту токтотуу үчүн түзүлгөн үч тараптуу макулдашуунун шарттарына ылайык, Армения Азербайжанга өткөрүп берүүгө тийиш болгон үч райондун акыркысы болуп саналат.

Лачын районуна азербайжан аскер бөлүктөрү 1-декабрда киргизилгендигин Азербайжандын Коргоо министрлиги тастыктады.

Бакудагы Коргоо министрлигинин интернет-барагындагы видео тасмада 1-декабрга караган түн ичинде Лачын районунун аймагына Азербайжандын желеги астында кирип бара жаткан танктар көрсөтүлгөн.

1992–94-жылдардагы согуштун айынан бул районду Азербайжан колдон чыгарган болчу. Лачын району Армениянын эл аралык деңгээлде таанылган чек арасы менен армян жикчилери өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабак аймагынын ортосунда жайгашкан стратегиялык маанилүү жер болуп саналат.

Тасма. Лачын району Азербайжанга өткөрүлүп берилээр алдындагы кырдаал. 27.11.2020. (Азербайжан тилинде).

Армения Тоолуу Карабакты курчап турган Агдам (Ağdam), Келбажар (Kəlbəcər) жана Лачын райондорун кайрадан Азербайжандын карамагына өткөрүп берүүгө мажбур болду. 27-сентябрда башталган согуш аракеттери 9-ноябрдагы Орусиянын арачылыгы менен токтотулуп, Агдам району 20-ноябрда, Келбажар району – андан беш күндөн кийин, 25-ноябрда Азербайжанга өткөрүлгөн.

Азыркы тапта Орусиянын дээрлик 2 миң жоокери Тоолуу Карабакта тынчтык орнотуу кызматын аткарууда. Орус аскерлери Арменияны Тоолуу Карабактын жикчил бөлүгү менен байланыштырып турган Лачын өткөөлүн да кайтарып тураары макулдашууда алдын ала белгиленген.

XS
SM
MD
LG