Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:43

Беларуста сот Тихановскийдин тергөө абагындагы мөөнөтүн узартты


Сергей Тихановский ушул жылдын май айында камакка алынган.
Сергей Тихановский ушул жылдын май айында камакка алынган.

Беларуста сот оппозиционер жана блогер Сергей Тихановскийди февраль айынын аягына чейин тергөө абагында камоо тууралуу өкүм чыгарды. Анын адвокаттары билдиргендей, Тихановскийдин буга чейинки мөөнөтү 29-ноябрда аяктаган болчу.

Сергей Тихановский ушул жылдын май айында камакка алынган жана ага коомдук тартипти одоно бузган, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишкен деген айып коюлган. Ал президенттик шайлоого катыша албай калганындыктан, анын ордуна шайлоого аялы Светлана Тихановская аттанган жана азыркы президент Александр Лукашенконун башкы саясий атаандашы болгон.

9-августтагы шайлоодо Лукашенко женүүчү деп табылган, бирок оппозиция шайлоо жыйынтыгын тааныган эмес.

Беларуста ошондон бери добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылышын жана Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган каршылык акциялары токтой элек.

Светлана Тихановская куугунтук менен кысымдан улам шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткенге аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG