Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Исмаилов: Эркин сот тууралуу сунуш Конституциялык кеңешменин көбүнүн колдоосуна ээ болбой жатат


Нурлан Исмаилов.
Нурлан Исмаилов.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешменин көпчүлүк мүчөлөрү бийликтин сот бутагынын өз алдынчалыгыне кепилдик берүүчү сунуштарды колдобой жатышат. Бул тууралуу 30-ноябрда кеңешменин мүчөсү, юридика илимдеринин кандидаты Нурлан Исмаилов билдирди:

«Сот бийлиги өзү өз алдынчалыкка умтулушу керек. Бирок сот бийлигинин өкүлдөрүнүн позициясын көрүп биз бир аз ыңгайсыз абалда калдык. Анткени «сотко аткаруу бийлигинен көз каранды эмес чечим чыгара турган макамды берели» деген ой болуп жатса, Конституциялык кеңешменин көпчүлүк мүчөлөрү, биздин аксакалдар «жок, президент эле дайындаса жакшы, анан кийин Жогорку Кеңеш бекитип берсе» деген ойлорун айтып жатышат».

Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга 17-ноябрда чыгарган. 20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен Конституциялык кеңешме түзүлүп, коомдук талкууга коюлган долбоор талкуулана баштады.

Азыркы Конституцияга ылайык, Жогорку соттун судьялары өз курамынан төрагасын, төраганын орун басарларын үч жылдык мөөнөткө шайлашат. Жаңы долбоордо «президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын беш жылдык мөөнөткө дайындайт» деп жазылган. (RK)

XS
SM
MD
LG