Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Улуттук банк «Кыргыз күрөш» коллекциялык монеталарын чыгарууда


«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясынын «Кыргыз күрөш» коллекциялык монеталары.
«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясынын «Кыргыз күрөш» коллекциялык монеталары.

Улуттук банк 1-декабрдан тартып «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясынын «Кыргыз күрөш» коллекциялык күмүш жана жез-никел монеталарын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Кыргызстандын башкы банкы 30-ноябрда кабарлады.

Мекеме монеталар улуттук спорттун бул түрүн кайрадан өнүктүрүү жана даңазалоо максатында чыгарылганын маалымдап, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналганын жана кыргыз күрөш кыргыз элинин улуттук спорт оюндарынын байыркы түрлөрүнүн бирине кирерин, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан эң эле кызыктуу оюндардын бири экенин белгиледи.

Маалымат үчүн эске сала кетсек, азыркы кыргыз күрөш деп аталып жүргөн спорттун салыштырмалуу жаңы түрү өлкө аймагындагы ар кайсы күрөш эрежелерин синтездештирүүнүн негизинде совет мезгилинде иштелип чыккан.

Бардык коллекциялык монеталар Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. (RK)

XS
SM
MD
LG