Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:33

«Түндүк агым-2» куурун салуу декабрда жанданат


«Түндүк агым-2» долбоорунун куурлары. Германия, сентябрь, 2020-жыл
«Түндүк агым-2» долбоорунун куурлары. Германия, сентябрь, 2020-жыл

Орус газын Германияга ташый турган «Түндүк агым-2» куурун салуу декабрдын башында жанданат. Бул тууралуу өткөн ишембиде "Nord Stream 2 AG" компаниясынын өкүлдөрү журналисттерге билдиришти. Германиянын "NDR 1 Radio MV" каналы курулуш 5-декабрда улантыларын маалымдады.

Балтика деңизинин түбүндө жаткырылчу куурдун курулушу АКШнын санкцияларынан улам былтыр декабрда токтоп калган.

«Кара тизмеге» түтүктөрдү жаткырган кемелер киргизилген. Ошондон кийин курулуш иштери менен алектенген швейцариялык компания ишин токтоткон. «Газпром» компаниясы 94% бүтүп калган долбоорду Орусия өзү аягына чыгарарын «Интерфакс» агенттигине билдирди.

Германиянын сууларында дагы 16 километр, Дания аймагында 60 километр курулууга тийиш. Эми кайсы кемелер ишке тартылары белгисиз.

Ал тапта Германиянын Мекленбург- Алдыңкы Померания чөлкөмүнүн жетекчилиги долбоордо иштеген компанияларды Американын санкцияларынан коргоо үчүн коомдук көзөмөл органын түзүүнү чечкени маалымдалды.

Сөз болгон долбоорго салынган санкциялар Вашингтон менен Берлиндин мамилесине көлөкө түшүрүп келатат.

АКШ куурдун жардамы менен Орусия Европага карата "энергетикалык көзөмөлүн күчөтүп алат, Украинанын транзит өлкө катары ролу азаят" деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG