Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:19

УКМК Сегизбаевге кол топтоп жаткан Дүйшөнбек Чоткараевдин кармалышы жөнүндө түшүндүрмө берди


Дүйшөнбек Чоткараев.
Дүйшөнбек Чоткараев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мекеме жетекчисинин мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараевдин кармалып, атайын кызматка алып келиниши жөнүндө маалымат таратты.

Анда айтылгандай, Аскер прокуратурасы 2019-жылдын март айында ири көлөмдөгү зер буюмдарынын аткезчилиги, айрым товар жеткирүүчүлөрдүн УКМКнын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алганына байланыштуу бир нече кылмыш ишин козгогон.

Тергөө иштеринин натыйжасында, 2017-жылы ыкчам бөлүмдөрдүн бири республикага аткезчилик жол менен ташылып келген 22 килограммдан ашуун зер буюмдарынын ири партиясын кармагандыгы аныкталган. Кийин УКМКнын ошол учурдагы жетекчилиги бул факт боюнча текшерүүнү токтотууга мыйзамсыз буйрук берип, конфискацияланган зер буюмдарды кайтарып берген. Натыйжада республиканын бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ошол эле учурда, тергөө маалында жетиштүү далилдер чогултулуп, аткезчиликке тиешеси бар тараптар жоопко тартылган. Алар күнөөлөрүн мойнуна алышып, мамлекетке келтирилген 6 миллион сомдон ашуун зыяндын орду толтурулган.

Учурда тергөө тобу тарабынан жасалган кылмыштардын бардык жагдайларын аныктоого жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Атайын кызмат көрүлгөн чаралардын алкагында жогоруда аталган кылмыштарга тиешеси бар, УКМКнын мурдагы кызматкери (Б.Э) кармалганын, контрабандалык жүктү кармоого түздөн-түз көзөмөл жүргүзгөн УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев күбө катары суракка алынганын билдирет.

Мекемеден билдиришкендей, тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча УКМК мурунку жетекчилигинин аракеттерине коомчулукка маалымат берүү менен бирге акыркы юридикалык баа берилмекчи.

УКМКнын экс-төрагасы, президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Абдил Сегизбаев 27-ноябрда УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Дүйшөнбек Чоткараевди күч органдары кармап кеткенин 27-ноябрда кабарлаган. Сегизбаев Чоткараев анын талапкерлиги үчүн кол топтоо иштерин координациялап келгенин билдирип, муну өзүнө карата саясий кысым катары баалаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG