Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Жарандык активист Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикетке чыкты


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына пикетке чыккан учуру. 28-сентябрь, 2020-жыл. (Архивдик сүрөт).
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына пикетке чыккан учуру. 28-сентябрь, 2020-жыл. (Архивдик сүрөт).

Жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 27-ноябрда Конституциялык палатанын алдына пикетке чыкты. Колуна «Мыйзам корголсун! Мыйзам сакталсын! Конституцияны өзгөртүүгө жол жок!» деген жазууларды кармаган укук коргоочу Кыргызстанда бийлик мыйзамды бузуп жатат деп эсептейт.

«Мыйзамдуу мамлекет, мыйзамдуу бийлик болушу үчүн эң ириде биз парламенттик шайлоо өткөрүүгө тийишпиз. Президенттик шайлоо менен референдум өткөрүү мыйзамсыз, президенттик шайлоону токтотуу зарыл. Биз эл аралык коомчулукка уят болуп жатабыз», - деди активист.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин 5-октябрдагы митингдери тополоң менен коштолуп, 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп алып, Садыр Жапаров баштаган камактагы жоон топ саясатчыларды бошоткон. Митингчилерге карай ок атылып, бир адам каза болгон, ондогон адамдар түрдүү жаракат алышкан.

Кийинчерээк өкмөт башчы, андан кийин президенттин милдетин аткаруу кызматын колуна алган Садыр Жапаров конституциялык реформа жүргүзөрүн билдирген.

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу коюлган Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга чыгарылган. 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Иштелип жаткан долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат. Коомдук-саясий чөйрөнүн жаңы долбоорго каршы тарабы Баш мыйзам ушул калыбында кабыл алынса жеке бийлик орнойт деп коңгуроо кагып келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG