Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Талас: Облустун мурдагы башчысынын кеңешчиси катышкан жол кырсыгы боюнча өкүм чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас райондук соту адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгына айыптуу деп табылган кишини үч жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу 27-ноябрда «Азаттык» радиосуна Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шүгүралиева кабарлады:

«Жазык кодексинин 78-беренесине ылайык, белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен Ш.М.Ж. эки жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратуу менен үч жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү акыркы жаза дайындалды».

Облус башчысынын кеңешчиси Марслатбек Шералиев катышкан жол кырсыгы ушул жылы 30-июлда катталган. Машине жол боюнда велосипед тээп бараткан 26 жаштагы Аскат Асыкуловду коюп кетип, ал ооруканада каза болгон.

Соттолгон адам жана анын жактоочулары окуя тууралуу комментарий бере элек.

Факт Жазык кодексинин 297-берене («Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу») менен катталган. Облустук милиция Шералиев мас абалында болгону аныкталганын билдирген.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын алгачкы тогуз айында өлкөдө 4 694 жол кырсыгы катталган. Бул 2018-жылга салыштырганда 12,3% көп. (RK)

XS
SM
MD
LG