Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Суваналиев: 6-октябрдан кийин криминал бийликти алууга аракет кылды


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев «Азаттыктын» «Эки бир» программасында маек куруп, 6-октябрдагы саясий окуяларда криминал бийликти колго алууга аракет кылганы жөнүндө маалыматы болгонун билдирди.

«Мен айтып жаттым. «Аянтта кылмыштуу топтун мүчөлөрү жүрөт» деп. Уюшкан кылмыштуу топтун «Дөө Чыңгыз» деген лидери таасирин көрсөткүсү келип жатканын айттым. Бирок мен координацияда турганда Камчы Көлбаев киришпей калды. Анткени биз алардын жолун буудук. Бирок алардын атынан башка топтор иштейбиз деп аракет кылды. Алар бийликке умтулду», - деди Суваналиев.

Өмүрбек Суваналиев парламенттик шайлоого байланышкан башаламандыктан кийин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлык кызматына кайтып барып, өлкөдөгү күч кызматтарын координациялоону колуна алган.

10-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн кылмыштуу уюшкан үч топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG