Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Байсалов: Жакыр мамлекетте парламенттик демократия болушу мүмкүн эмес


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов 26-ноябрда «Азаттык» радиосу менен болгон маегинде Конституциялык кеңешменин иши тууралуу айтып, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жеке пикирин ортого салды.

Кеңешменин мүчөсү катары ал өз сөзүндө конституциялык реформаны жана башкаруунун президенттик формасы кайтып келишин колдой турганын белгиледи:

«10 жыл бою керек болсо кандуу эксперимент жүргүзүлдү, биздин мамлекетте. Бул эксперименттин жыйынтыгы – азыр биз өтө чоң туңгуюкка түшүп калганыбыз. Аңга түштүк. Биз азыр эң жакыр мамлекеттердин бирибиз. Жакыр мамлекетте кайдагы парламенттик демократия? Болбойт. Биз 25 жылдан бери Конституция деп эле келе жатабыз. Качан биздин саясатчылар медицина, билим берүү, жумушсуздук же элге керектүү башка темаларды талкуулайбыз?»

Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыкканы 17-ноябрда белгилүү болгон. Аны референдумга чыгарыш үчүн коомдук талкууга коюу тууралуу мыйзам долбооруна 80 депутат демилгечи экени расмий жарыяланды. Кийин ал депутаттардын айрымдары демилгечи болуудан баш тартканын билдиришти жана Баш мыйзамдын долбоорун жазбаганын, аны көрбөгөнүн, ага автор эмес экенин айтып чыгышты.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуудан жана коомдук ишмерден турган Конституциялык кеңешме түзүлдү. Ал кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлдү.

Жаңы Конституциянын тарапкерлери, эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын айтып жатышат, ал эми оппоненттер өлкөдө авторитардык бийлик орношу ыктымал деген кооптонуусун билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG