Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

27-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

27-ноябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 28-29-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 күндүз 8…10 градус болот.

XS
SM
MD
LG