Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Өкмөт тыштан келген карыз акчанын көбүн пенсияга жана айлыкка жумшап жатканын моюнга алды


Артем Новиков.
Артем Новиков.

Кыргыз өкмөтү бюджетте акча тартыш болгондуктан пенсия, айлык жана башка социалдык төлөмдөрдү азыр сырттан келген карыз акчадан төлөп берип жатат. Бул тууралуу 25-ноябрда Жогорку Кеңеште бюджет маселеси талкууланып жатканда биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.

КСДП фракциясынан депутат Абдывахап Нурбаевдин суроосуна жооп берип жатып Новиков тышкы жардам катары быйыл Кыргызстанга жалпысынан 343 миллион доллар келгенин, сомго которгондо бул дээрлик 25 миллиард сомдой акча экенин айтты жана анын 17 миллиардга жакыны пенсия, айлык акы, жөлөкпул сыяктуу төлөмдөргө кеткенин билдирди:

- 2020-жылы өкмөт өзүн өзү эптей албай, айлык бере албай, сыркы карызды айлыкка жумшады. Бул фактыбы?

- Ооба.

Новиков быйыл май айында салык боюнча киреше көрсөткүчү 31 миллиард сомго кыскартылганын белгилеп, тыштан келген акчадан айлык акыга сегиз миллиард, пенсияга 5,4, жөлөкпулга 2, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына трансфертке 3,9, экономиканы колдоого 2,6 жана коронавируска каршы күрөшкө 3,1 миллиард сом бөлүнгөнүн айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG